super.kg logo

Бишкекте телефон уурдаганга шектелген жаран кармалды

 

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери уюлдук телефон уурдоого шектүүнү кармашты.

Ленин РИИБинен билдиришкендей, 1-август күнү милицияга борбор калаанын Г.И. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 31-июль күнү саат 04:30 чамасында турак үйдөн Poco X3 Pro жана Redmi Note 10 S үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун жашыруун уурдап, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Жалпы суммасы 45 миң сомдук ири материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

9-августта жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Ж.К. аттуу жаран Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: