super.kg logo

Үй ээсин өлтүрүп, 103 миң сом акчаны алып качып кеткен кылмышка шектүүлөр кармалды

 

Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрь күнү Сокулук районунун тургуну М.Алтынбектин үй-бүлөсүнө кол салуу болгон. Анын натыйжасында үй ээси М.Алтынбек алган жараатынан улам каза болгон. Кылмышка шектүүлөр аялын коркутуу  менен андан 103 миң сом алып, из жашырышкан. Бул туурасында Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы 4-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, бет кап кийген эки белгисиз адам үйдүн тосмосунан секирип кирип, эшикти каккылашкан. Үй ээси М.Алтынбек эшикти ачканда кылмышкерлер аны темир менен башка чаап ээсин оодарып, андан соң аялын коркутуп үйдөгү болгон акчаны алып, из жашырышкан.     

Жогорудагы факты боюнча  КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда  кылмышка шектелип 1967-жылы туулган М.Бактыбек жана 1991-жылкы Г.Азат кармалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: