super.kg logo

Бишкектеги түнкү клубдардын биринде атышуу болду делген окуя: Тапанчанын ээси аныкталды

 

“Бишкектеги түнкү клубдардын биринде Жан Воинов ок чыгарган” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май РИИБинен билдиришти.

Буга чейин Бишкектеги түнкү клубдардын биринде атышуу болгондугу жана анда бийчи Жан Воинов асманга бир нече жолу ок чыгаргандыгы тууралуу маалымат тараган.

Аталган факты боюнча Биринчи Май РИИБи тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 14-август күнү саат 03:30 чамасында “Кипиш” барынын кире беришинде белгисиз жарандар арасында жаңжал чыкканы аныкталган.

Воинов аларга арачага түшмөкчү болгон, бирок ошол маалда өзүн коргоо максатында бирөө аны бетке уруп жиберген. Воинов ага жооп кылып белгисиз адамды түртүп жиберген, андан кийин аларды да башкалар ажыраткан. Чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечишкен соң Воинов ал мекемеден чыгып кеткен”,- деп билдиришти милиция кызматынан.

Ошондой эле тапанчадан ок чыгарган Ж.Б. аттуу жаран экени аныкталган. Ал өз түшүндүрмөсүндө жумуштары менен жүрүп эле көчөдөн топ жигиттердин урушуна күбө болуп калып, аларды тынчтандыруу максатында “Добрыня” сигналдык тапанчасын алып чыгып асманга ок чыгарганын айткан. Ал видеону социалдык тармактардан көрүп, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө өзү келип көрсөтмө берген. Алынган тапанчага экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: