super.kg logo
  Саясат  

Мелис Мырзакматов: "Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун"

 

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун 2-декабрда Келдибековдун тарапташтары өткөргөн митингде айткан сөздөрү коомчулукта кызуу талкууга алынды. Митинг учурунда тартылган видеолор бир нече бөлүктөргө бөлүнүп интернетке тараган. Коомдогу талкууларда мэрдин айрым сөздөрүнүн кесилип калгандыгы тууралуу айтып чыккандар да болду. Айрыкча мэрдин "Пока шаарда мен кожоюнмун" деген билдирүүсү калк арасында катуу талкуу жараткан эле.  

Андан кийин Мелис Мырзакматовдун митингдеги сөзүнүн кесилген бөлүгү видео сүйүүчүлөр аркылуу интернетке чыкты. 

Видеонун бул бөлүмүндө Мелис Мырзакматов "Эч качан Оштун намысын бербейбиз! Ошондуктан мен, оо, тетиги жерде карап отурам. Митингиңерди кыла бергиле. Камчыга 7 жолу уруксат бергенмин, “Митинг өткөрө бер” деп. Мына азыр Ахматка үчүнчүсүнө кол коюп бердим, “Өткөрө бер” деп. Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун" деп сүйлөгөн.


кошулду





Мелис Мырзакматов: "Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун"

 
 Кыстарылган аудио 

Мелис Мырзакматов: "Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун"

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: