Дагы бир медаль. Ислам оюндарында Бакдөөлөт Расулбеков коло байге утту
Ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык Бакдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча коло байгеге ээ болду.
Ал 102 килограмм салмак категориясында катышып, жулкуп 169, түртүп 216 килограммдык штанганы көтөргөн. Жалпы эсеп 385 килограммды түзүп, үчүнчү орунду ээледи.
Белгилей кетсек, Ислам тилектештиги оюндары Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Оюндар 18-августка чейин уланат.
Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышат. Ушуну менен биздин курама команданын куржунунда 19 медаль бар - 6 алтын, 6 күмүш жана 7 коло.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.