super.kg logo

Түштүк Кореядагы кыргыз студенттеринин ассоциациясы расмий каттоодон өттү

 
Кыргыз студенттеринин ассоциациясы Түштүк Корея Республикасында расмий каттоодон өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Аида Исмаилова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, Сеул шаарында Кореядагы кыргыз студенттеринин ассоциациясынын расмий каттоосуна арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова жана Корея Республикасындагы кыргыз студенттеринин ассоциациясынын төрагасы Бектурсун Алыбаев, кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилери, мекендештер арасындагы активисттер, өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер катышышты.
Бул иш-чаранын алкагында Ассоциациянын төрагасы Б.Алыбаев жана Кореядагы камбоджалык студенттер ассоциациясынын төрагасы Писей Точ, Корея Республикасындагы казакстандык студенттер ассоциациясынын расмий өкүлү Адел Толеубекова жана Корея Республикасындагы филиппиндик окумуштуулар комитетинин катчысы Жастин Ван Ривера ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюу аземи болуп өттү. Меморандумдун алкагында тараптар маданият, илим жана спорт тармагында кызматташат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: