super.kg logo

"Апасы таштап кеткен". Көзүнөн жабыркаган 4 жаштагы Айгерим Орозова жардамга муктаж

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 4 жаштагы тургуну Айгерим Орозова көзүнөн жабыркап, жакын арада операция жасатууга муктаж болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына эжеси Жанат Сүйүнбек кызы кайрылды.

Анын айтымында, Айгеримге операция жасатуу үчүн каражат жетишпей жаткандыктан кайрымдуу элден жардам сурайт.

"Сиңдим Айгерим Орозова 4 жашта. Апасы таштап кеткен. Атасы учурда Орусияда куруучу болуп эмгектенет. Үч айлыгынан баштап чоң энеси багат. Эки жашынан бери көздүн чалыр (коштолгон страбизм, жөнөкөй миопиялык астигматизм, сол көзүнүн гипертония оорусу) оорусуна кабылган. Күндөн-күнгө көрүүсү начарлап жатканынан дарыгерлерге көрсөтсөк, эртерээк операция кылуу керектигин айтышты. Операцияны Кыргызстанда жасатса болот экен, бирок дарыгерлер кепилдик бере албайбыз дешти. Мындай операцияны Москвадагы Гельмгольц атындагы көз оорулары боюнча Улуттук медициналык изилдөө борборунда 400 миң сомго жасатса болорун билдик. Тилекке каршы, акча каражатыбыз жетишпегендиктен кайрымдуу элден жардам сурайбыз. Азыр убактылуу Бишкек шаарына жакын жердеги Кут айылында жашап жатышат", - деди эжеси Жанат Сүйүнбек кызы.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Элкарт 9417309026480452 (Сүйүнбек кызы Жанат);

Элсом 0709 08 88 67 (Сүйүнбек кызы Жанат);

Байланыш номери: 0703 47 8251 (Сүйүнбек кызы Жанат).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: