super.kg logo

Үнөмдөлгөн каражат карыздарды төлөөгө жумшалат. Энергетика компанияларын бириктирүү иштери аяктады

 

Улуттук энергохолдинг энергетика секторунун башкаруу түзүмүн өзгөртүү ишин аягына чыгарды. Бул туурасында мекеменин маалыматына айтылат.

Маалым болгондой, ишканаларды бириктирүүнүн натыйжасында 1 миллиард сомдук акча каражаты үнөмдөлүүсү күтүлүүдө.

"Бул каражат жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумшалат. Мында энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар "Кыргызстан Улуттук электр тармагы" (КУЭТ) акционердик коому менен бириктирилип, абоненттерди тейлөө боюнча бир мекеме түзүлдү", - деп жазылат маалыматта.

КУЭТ мекемеси облустарда төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөр аркылуу иш жүргүзөт:

  • Чүй электр тармактар ишканасы;
  • Ош электр тармактар ишканасы;
  • Талас электр тармактар ишканасы;
  • Жалал-Абад электр тармактар ишканасы;
  • Ысык-Көл электр тармактар ишканасы;
  • Нарын электр тармактар ишканасы;
  • Баткен электр тармактар ишканасы.

Эскерте кетсек, бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирге облустарда жогорку чыңалуудагы ишканалар ишин алып келген. Эми болсо алар бир түзүмдүк бөлүм болду. Мындан тышкары "Бишкек жылуулук тармактары" акционердик коому "Электр станциялары" ААКсы менен бириктирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: