ТИМ Орусиядагы миграциялык каттоо боюнча маалымат таратты
Кыргыз жарандарын миграциялык каттоо мурдагыдай эле эмгек келишиминин негизинде 1 жылга чейинки мөөнөт менен жашаган жери боюнча Орусиянын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде ишке ашырылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
ТИМ социалдык түйүндөрдө тарап жаткан 3 айга миграциялык каттоого туруу менен 3-сентябрга чейин Кыргызстандын жарандарына кирип-чыгуу жол-жобосун ишке ашыруу керектиги тууралуу мыйзам Орусия тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбестигин эскертет.
"Эгерде Кыргызстандын жарандарынын Орусияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери болсо, 2022-жылдын 3-сентябрына чейин жана андан кийин чыгуу-кирүү жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылдыгы жок", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
1
1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















