super.kg logo
  Саясат  

Бакыт Төрөбаев Баку шаарындагы иш сапарында бир катар мекемелердин иши менен таанышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баку шаарына болгон (Азербайжан Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында органикалык, минералдык жана био жер семирткичтерди, ошондой эле топурак микроорганизмдерин өндүрүүчү «AqriBioEkoTex LLC» компаниясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана жер кыртышынын эрозиясына каршы күрөшүү жаатындагы кызматташуу боюнча пикир алышуу жүрдү. Мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Баку эл аралык деңиз соода порту» жабык акционердик коомунда болуп, анын директору Зиядов Талех Мухаммед оглы менен жолугушту, ошондой эле «Алят» эркин экономикалык аймагынын иштөө принциби менен жеринде таанышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тараптын «Баку эл аралык деңиз соода порту» жабык акционердик коому жана «Алят» эркин экономикалык аймагы менен транспорт-логистикалык жана соода-экономикалык тармактардагы кызматташтык боюнча байланыштарды жайгаруу маселеси талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: