super.kg logo

Өзбекстанда тери заводунун иштешине каршы болгон адам өзүн өрттөп жиберди (видео)

 

Өзбекстандын Карши шаарында булгаары заводунун иштешине каршылыгын билдирген жаран өзүн ишкананын алдында бензин чачып өрттөп жиберди. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, ишкананын иштешине каршылыгын билдирип бир нече адам чыккан. Алардын айтымында булгаары заводдон жаман жыт чыгат. Видеодо бир жигит аны фабриканын администрациясынын өкүлдөрү, тагыраак айтканда, Акмал аттуу адам коркутканын айткан.

"Ушул Акмал үчүн жашагым келбейт" деп кыйкырып өзүнө бензин чачып өрттөгөн ал. Чогулган эл өрттү өчүрүүгө жетишкен. Жабырлануучунун андан аркы тагдыры тууралуу маалымат жок.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул боюнча тергөө ишин баштады.

Бул Өзбекстанда ушул айдын башынан бери ачыкка чыккан экинчи өзүн-өзү өрттөө окуясы. 2-августта Фергана мунай заводунун кызматкери Санобархан Хайдарова өзүн өзү өрттөп жиберген. Ал ооруканада 10-августта каза болгон.






Өзбекстанда заводдун иштешине каршы болгон жаран өзүн өрттөдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: