Бишкекте 58 жыл мурун орнотулган суу түтүктөрү алмаштырылат

Маалыматта айтылгандай, Можайский көчөсүн бойлой Манас көчөсүнөн Кызыл-Кыя көчөсүнө чейин эски суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери башталды. Жаңы тармактын узундугу 326 метр, Полиэтилен түтүктүн диаметри 160 миллиметрди түзөрү айтылат.
"Азыркы суу түтүгү 1964-жылы тартылган. Сууну байланыштыруучу түтүктөр тез-тез бузулгандыктан, авариялык бузулушун оңдоо иштери кыйын болгон. Үйлөрдүн ээлери тосмолорун жер тилкелеринин чегинен чыгарып салгандыктан аны алмаштыруу чечими кабыл алынган. Жаңы линия жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой өтөт", - деп жазылат маалыматта.

Алмаштыруу иштери муздак сууну өчүрбөстөн жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле эки өрт гидрантын, 11 суу кудугун орнотуу, демонтаждоо пландалып, оңдоо иштери аяктагандан кийин 26 абонент жаңы суу линиясына өткөрүлөрү маалымдалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:57
2025-08-12
19:14
2025-08-12
14:55
2025-08-12

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.