super.kg logo

Улуу Британия алгачкылардан болуп коронавирустун омикрон штаммына каршы вакцинаны колдоно баштады

 

Улуу Британия коронавирустун омикрон штаммына каршы вакцинаны жактырган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматта айтылгандай, вакцинаны америкалык Moderna компаниясы иштеп чыккан. Бул эки валенттүү вакцина, башкача айтканда анын дозасынын жарымы коронавирустун баштапкы штаммына, калган жарымы омикронго багытталган. Аны чоңдор үчүн күчөтүүчү доза катары колдонуу пландаштырылууда.

Клиникалык сыноолор көрсөткөндөй, биваленттүү вакцина омикрон штаммынын бир нече варианттарына иммундук реакция жаратат жана анын терс таасирлери Moderna компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы менен бирдей болгон (жеңил жана медициналык жардамга муктаждык жаратпайт).

"Жаңы биваленттүү вакцина коронавирус менен күрөшүү үчүн дары-дармектерди иштеп чыгуудагы кийинки кадам болуп саналат, анткени ал баштапкы вакцинага караганда кеңири иммундук реакцияны жаратууга жөндөмдүү", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Moderna компаниясы омикрон штаммына каршы вакцинаны 2021-жылдын аягында иштеп чыгууга киришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: