super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте эгемендүүлүк күнүнө арналган футболдук беттеш өтөт

 

30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата футболдук беттеш өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, футбол ардагерлеринин курама командасы менен көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрүнүн оюнчуларынан турган курама командасынын ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттешүү болот.

Беттеште футболдун түрдүү муундарынын кумирлери оюн талаасына чыгышат.

КМШ ардагерлер командасынын курамында белгилүү Ринат Дасаев, Вагиз Хидиятуллин, Александр Азимов, Марат Кабаев, Хорен Оганесян, Сервер Жепаров, Евгений Альдонин, Григорий Твалтвадзе жана башкалар бар. Атактуу спортчу Олег Романцев КМШ командасынын башкы машыктыруучусу болмокчу.

Кыргызстандын курамасында ата мекендик футболдун көрүнүктүү Прядкин Кирил, Жалилов Закир, Тайчиев Комол, Сало Владимир, Закиров Нематжан, Кошалиев Меклис, Березовский Валерий, Касымов Марлен, Лисичкин Сергей, Пряничников Владислав бар. Ал Эми Кыргызстандын командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов болмокчу.

Күйөрмандардын алдында Легендалардын матчынын атайын чакырылган коногу “Город 312” тобу жана ата-мекендик эстрада жылдызадары өз өнөрлөрүн көрсөтөт. Күйөрмандар ошондой эле оюн-зоок программасына жана фуд-кортко ээ болушат.

Башталышы – 19:00. Кирүү акысыз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: