super.kg logo

"1-орунга 100 миң сом". Бишкек мэриясы мыкты шаардык долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

 

Бишкек шаарында "Мыкты шаардык долбоорлор конкурсунун" жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия тарабынан маалым болду.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоков катышып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды.

Белгилей кетсек, сынакка катышуу үчүн 22 арыз келип түшкөн, конкурстук комиссия тарабынан билдирилген талаптарга ылайык келген 17 долбоор каралып, алардын ичинен эң мыкты 3 долбоор тандалып алынган.

Сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкүдөй аныкталды:

1 – орун - "Бала келечекте" долбоору, Дууланова Индира Батырбековна, байге фонду - 100 миң сом;

2 – орун - "Жолдон аман-эсен өтөм" долбоору, Гибадулина Марям Рафиковна, байге фонду – 80 миң сом;

3 – орун – "Парктардагы шахмат такталары" долбоору, Асаналиев Султан Сапарбекович, байге фонду - 50 миң сом.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: