super.kg logo

Бишкекте Ирандын жараны баасы 500 миң доллар болгон баңгизат менен кармалды (фото)

 

Өзгөчө ири өлчөмдө метамфетамин баңгизаты менен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө метамфетамин баңгизат каражатын сатып жаткан жеринен чет өлкөлүк жаран кармалды.

Милиция кызматкерлери Иранда өндүрүлгөн ири өлчөмдөгү баңгизат каражаттардын туруктуу транзит каналын тапканга жана бөгөт коюуга багытталган атайын операциясын ийгиликтүү өткөрүштү. Аталган баңги топтун баңгизат каражаттарды жеткирүү маршруту Ирандан башталып, андан ары Ооганстан, Тажикстандан өтүп Кыргыз Республикасына жеткирилген.

8-августта Бишкек шаарынын Шота Руставели көчөсүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү метамфетамин баңгизат каражаты алынган, тактап айтканда кристаллдашылган ак түстөгү 20 брикет метамфетамин баңгизат каражаттын жалпы салмагы 10 килограммды түзгөн.

Алынган каражаттын 1 граммы 4500 сомду түзөт. Алынган жалпы баңгизат каражаттын суммасы 45 миллион сомду, ал эми Улуттук банктын курсу боюнча 500 миң доллардан ашык сумманы түзөт.

Бул факты боюнча Ирандын Урмия шаарынын тургуну кармалган. Азыркы учурда козголгон сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ушул кылмышка тиешелүү жактарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары өткөрүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: