super.kg logo

Борбор калаада эки күндө 14 мыйзам бузуу катталып, 114 миң сом айып пул салынды

 

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери 2 күндө 14 мыйзам бузуу катталганын маалымдайт.

"Инспекция жарандардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана жеке ишканалардын санитардык нормаларды сактоосуна өзгөчө көзөмөл жүргүзөт. Таштандыларды же башка калдыктарды жеринде чыгаруу фактысы боюнча бузуучулар күнөөсүн моюнуна алганына же моюнга албаганына карабастан протоколдор түзүлөт. Ошентип эки күндүн ичинде 14 мыйзам бузуу катталып, 114 миң сом айып пул салынды", - деп жазылат маалыматта.

Алар «Петрол ЛТД», «Букит», «Бимар» компаниялары, «У Разия» ашканасы жана жеке уюмдарынын өкүлдөрү болуп чыкты. Ошондой эле муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам өз аймагынын айланасында күн сайын тазалыкты камсыздап турушу керектигин эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: