super.kg logo

Казакстанда 1-класстын окуучуларына орус жана англис тилдерин окутуу жокко чыгарылды

 

Казакстандын мектептеринде жаңы окуу жылынан баштап 1-класстын окуучуларын бир эле учурда үч тилде окутуу токтотулду. Бул тууралуу Казакстандын агартуу министри Асхат Аймагамбетов жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, мындай чечим окуучулардын окуусун жеңилдетүү максатында кабыл алынган. Бул чечим окутуу мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн мектептерге тиешелүү.

"Экинчи жана үчүнчү тилди өздөштүрүү үчүн бала өз эне тилинде окуганды жана жазганды үйрөнүшү керек, ошондуктан мамлекеттик тилде окуткан мектептерде 1-класстын окуучулары казак тилин гана үйрөнүшөт. 2-класстан баштап орус тилин өзүнчө сабак катары, ал эми 3-класстан баштап бардык мектептерде англис тилин окутуу башталат. Ал эми окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде биринчи жана экинчи класстын окуучуларынын программасында орус жана казак тилдери калат", - деген министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: