super.kg logo

Мас болуп кармалган айдоочунун маселесин чечип берем деп акча алган жалган милиционер кармалды

 

Мас болуп кармалган айдоочунун маселесин чечип берем деп акча алган жалган милиционер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-августта ИИМдин Ички иликтөө кызматына Сокулук районунун тургуну З.К. арыз менен кайрылган. Анда ал Ички иштер министрлигинде иштеген Н. аттуу кызматкерине чара көрүүнү суранган. Себеби ал ушул жылдан 4-августунда мас абалында унаасын башкарып жүрүп кармалып, Бишкек ШИИББине караштуу айып короосуна унаасы токтотулган. Ушул ишти оң тарапка чечип берем деп 30 миң сом алып, бирок айтылган убадасын аткарбай ар кандай шылтоолор менен качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон жана атайын иш-чара жүргүзүлгөн.

"16-август күнү саат 15:50 чамасында жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын журүшүндө, Бишкек шаарынын Тыналиев жана Түштүк Магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Глобус” соода түйүнүнүн астынан арыз ээси З.К.га мурда алган 30 миң сомдун 16 миң сомун кайтарып берип жаткан учурда Бишкек шаарынын 40 жаштагы тургуну Н.С. кармалып, далил буюмдар жана акча каражаттар алынды.

Шектүү катары кармалган Н.С. милицияда иштеген эмес. Ал ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берилди жана тергөөгө тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Эгерде кимдир-бирөө жогоруда кармалган жарандан жабыркаган болсо ички иликтөө кызматына 0500-892-344 номери аркылуу чалып кайрылыңыздар.

Себеби кармалган жаран ушул сыяктуу бир катар алдамчылыкка шектелип жатат. Кызматкерлер сиздердин арыз-кайрылууңузду угуп, тиешелүү жардам көрсөтүшөт", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: