super.kg logo

Кыргызстанда бензиндин баасы дагы кымбаттайбы?

 

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 16-августта мунай базарындагы кырдаалды талкуулоо үчүн республиканын күйүүчү-майлоочу майлар рыногунун негизги операторлору менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда баалар, жеткирүүлөр, көйгөйлүү маселелер жана бул рынокто бааларды тегиздөө боюнча мындан аркы чаралар боюнча талкуулоо болду.

Нефтетрейдерлер баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу орусиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун дизелдин экспорту кыскарып жатканына тынчсыздануусун билдиришти. Алардын айтымында, жыл башынан бери дизель отунунун сатуу баасын тоннасына 600 доллар, АИ-92 бензинине 370 доллар деңгээлинде жогорулатуу белгиленген. Ал эми акыркы бир айда орусиялык мунай кайра иштетүүчү заводдорунун дизелдик отундун дүң баасын жогорулатуу тоннасына 300 долларды түздү. Буга байланыштуу нефтетрейдерлер дизелдик отунга ички бааны көтөрүү зарылдыгын айтышууда”, - деп айтылат маалыматта.

Монополияны жөнгө салуу кызматы нефтетрейдерлерге бааларды туруктуу кармап туруу, резервдерди камсыз кылуу, май куюучу жайларда КММ толук толтурулбагандыгынан улам көзөмөлдү күчөтүү, кардарлардын укугун бузбоо жана “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамынын талаптарын так аткаруу сунуштарын берди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга мунайдын 90 пайызы Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан импорттолот. Өлкөдө мунай продукциясынын баасы акыркы 1 жарым жылда дээрлик эки эсеге кымбаттап кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: