super.kg logo

Социалдык тармактардагы мектепке бара элек 9 жаштагы бала тууралуу маалымат боюнча мэрия билдирүү таратты

 

Социалдык тармактарда ушул күнгө чейин мектепке бара элек 9 жаштагы бала тууралуу маалымат чыккан. Бул маалымат тууралуу Бишкек шаардык мэриясы төмөнкүлөрдү билдирет.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери №14 МАБдын социалдык адиси менен биргеликте жашы жете элек баланын жашаган жерине барышты. Анда бала апасынын туугандарыныкында жашагандыгы белгилүү болду. Тууганы жашы жете элек бала Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң Кызыл-Суу айылында жашаган эжесинин уулу экенин айтты.

Жашы жете элек баланын атасы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынан. Агасынын айтымында, 2014-жылдан бери баланы багып алуу максатында багып келет. 2021-жылы баланын атасы аны мектепке киргизүү максатында Ысык-Көл облусуна алып кеткен. Бирок бала Чолпон-Ата шаарында жайгашкан реабилитациялык борборго түшкөнү белгилүү болду.

Кийинчерээк ал жерден аялы экөө жээнин алып кетишкен. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, ал эми тууганынын убактылуу паспорту жок болгондуктан, камкордукка алуу мүмкүн болгон эмес. Жакындары буга чейин бир дагы мамлекеттик мекемеге кайрылышкан эмес. Ошондой эле баланын таякеси 2021-жылдан бери Бишкектин Биринчи Май районунда жашап жатканын түшүндүрдү. Баланын тиешелүү документтерин тариздөө жана аны жалпы билим берүүчү мектепке жайгаштыруу боюнча маселелерди чечүү максатында материалдар Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май райондук администрациясынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын кароосуна жиберилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубекова мектеп босогосун аттай элек 9 жаштагы бала тууралуу маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: