Бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги дипломатиялык академиясында “Кыргыз элинин тарыхындагы дипломатиянын ролу жана мааниси” темасындагы тегерек үстөл өтөт
Бүгүн, 5-декабрда
КРнын тышкы иштер министрлигинин К.Дыйканбаев атындагы дипломатиялык
академиясында “Кыргыз элинин тарыхындагы дипломатиянын ролу жана мааниси”
деген темада тегерек үстөл өтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма
сөз кызматы маалымдайт.
Автор: Темирбек Матаев
Тегерек столдун
башкы максаты – элдик элчиликтин кыргыз мамлекетинин калыптануусуна кошкон
салымын жана алардын тарых алкагында ээлеген ордун аныктоого агытталган илимий изилдөөлөрдү коомчулукка
кеңири маалымат катары жеткирүүгө багытталат.
Бул иш-чарага
Жогорку Кеңеш депутаттары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, тышкы иштер
министрлигин кызматкерлери, дипломатиялык академиянын профессордук окутуучу
жамааты менен студенттер катышышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

