super.kg logo
  Саясат  

"Ачык айтып, ак сүйлөп, сунушуңарды бергиле". Садыр Жапаров Элдик курултай боюнча кайрылуу жасады

 
Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу ноябрь айында өтүүчү Элдик курултай жөнүндө кайрылуу жасады.
Анда президент Курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өздөрү шайлап жөнөтүшөөрүн айткан.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Кечээ күнү Элдик курултай жөнүндө жарлыкка кол койдум. Ага ылайык, ушул жылдын 25-ноябрь күнү биринчи Элдик курултай өтөт.
Элдик курултай жөнүндө мыйзам ушул жылдын башында жазылып бүтүп, эки ай бою жалпы элдик талкууга коюлуп, андан кийин Жогорку Кеңешке киргизилген. Тилекке каршы, кабыл алынбай калды. Ошондуктан мыйзам кабыл алынганга чейин быйылкы Курултайды жарлык менен чакырууну туура көрдүм. Бийликтин бардык бутактары бир жылда жасалган иштери жөнүндө жалпы элге маалымат беребиз.
Курултайдын сунуштарын угабыз. Курултайга кимдер делегат болуп шайланып келе алышат деген суроо туулат.
Курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өздөрү шайлап жөнөтүшөт. Уюштуруу иштерин, делегат шайлоону жергиликтүү кеңештин депутаттары уюштурушат. Жергиликтүү элди чогултат. Ошол чогулушта эл өздөрү делегат шайлап беришет. Шайланган делегат Бишкекке Курултайга келет.
Ошондуктан эл-журт делегат шайлоого активдүү катышып бериңиздер. Айыл өкмөт, аким, президенттин өкүлдөрү делегат тандоо иштерине катышпайт. Тыюу салынат. Алардын катышпоосуна буйрук берилди.
Мындан ары кандай гана Курултай болбосун, мурдагыдай "дежур курултай" болбойт. Эл шайлаган делегаттар, келгиле. Ачык айтып, ак сүйлөп, сунушуңарды бергиле", - деп жазган президент.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: