super.kg logo

Панамада президенттикке талапкер отурган тик учак кулады

 

Панаманын президенттигине талапкер Димитри Флорес бараткан тик учак жунгли токоюнда кырсыкка кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, учак кырсыгы кечээ, 17-августта болгон. Учактын бортунда саясатчыдан башка дагы беш адам болгон, алардын баары аман калган.

Флорес өзү тик учак кырсыгы тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып, жардам сураган.

"Биз бул жерде, тоодо 4500 метр бийиктикте кырсыкка кабылдык. Тик учак кулап түштү. Бизге куткаруучуларды жөнөтүп коюңуздар. Жабырлануучулардын буту, колу сынган", - деп жазган ал.

Кийинчерээк жабыркагандарды Панаманын Улуттук авиация жана деңиз кызматынын кызматкерлери таап, эвакуациялап, бардык жабырлануучулар ооруканага жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: