super.kg logo

Орусия Тайвань боюнча позициясын жарыялады

 

Орусия Тайвань маселеси боюнча "бир Кытай" саясатын колдойт. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин директору Пётр Ильичев РИА Новости басылмасына берген маегинде айткан.

Ал АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга болгон сапары жана Вашингтондун өкүлдөрүнүн Тайванга карата аракеттери эл аралык туруктуулукту бузууга шылтоо болушу мүмкүн экенин белгилеген.

"Москва сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө "бир Кытай" принцибин карманат. Тайвань Кытайдын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бул маселе боюнча биздин позициябыз өзгөрүүсүз калды", - деген ал.

Буга чейин Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери дагы "бир Кытай" саясатын колдоорун жарыялашкан.

Белгилей кетсек, Тайванды эгемендүү мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Кытай 1979-жылдан бери аралды өзүнүн бир бөлүгү катары эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: