Орусияда хаски ити ээлерин аэропортто үч жума күттү
Буран аттуу хаски породасындагы ит Орусиянын Хабаровск шаарындагы аэропортто үч жума бою ээлерин күттү. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, таза кандуу итти аэропорттун кызматкерлери байкашкан. Адегенде алар итке тамак беришкен, андан кийин жумушчулардын бири үйүнө алып кеткен. Кийинчерээк аэропорттун кызматкерлери иттин ээлерин же итке жаңы кожоюн табабыз деген үмүт менен иттин сүрөтүн социалдык тармактарга жайгаштырышкан.
Кийинчерээк иттин ээлери табылган. Алар эс алуу үчүн чет жакка кетип, 8 айлык итти тааныштарына калтырып кетишкен. Ит чыдабай ээлерин күтүү үчүн аэропортко качып кеткен.
Итти ээлери келип алып кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.