super.kg logo

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыздын атасы коомчулуктан жардам сурады

 

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар Аиша Мурдинованы издөөгө адамдар керек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыздын атасы билдирди.

"Биз учурда кызымды 15тей адам издеп жатабыз. Издөө ишин жүргүзүү үчүн 5 миң долларга суу астында жүрүүчү дрон алганбыз. Бүгүн, 18-августта кызымды издөөгө 15тей адам чыкты. Мен учурда Балыкчыдагы көлдө издеп жатам. Калгандары көлдүн ар кайсы жеринде издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызымды издөө иштерин токтотуп койду. Башында таап беребиз, табылат деп айтышкан. Эми болсо кетип калышты. Кызымды издөөгө адамдар керек", - деди Аиша Мурдинованын атасы.

Эске салсак, 18-июлда 4 адамдан турган үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан. Ошондон бери издөө иштери жүрүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызды издөө ишин 15-августта токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: