super.kg logo

Мамлекеттик жетекчилер социалдык тармактар аркылуу калктын суроолоруна жооп берет (график)

 

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин социалдык тармактарда жума сайын берилүүчү отчётторунун башталышы тууралуу маалымдайт.

Анда айтылгандай, 14-июлда президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында мамлекеттик органдарга социалдык тармактарга түз чыгып, кыргызстандыктарга аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүүнү тапшырган. Мамлекет башчы белгилегендей, мындай отчёттор аткаруу бийлик органдарынын өлкө жарандарынын алдындагы жоопкерчилигин жана отчёттуулугун арттырып, элди мамлекеттик башкаруу процессине кеңири камтууга шарт түзөт.

Төмөндө 19-августка карата мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Фейсбук жана Инстагарм социалдык тармактарындагы расмий аккаунттары аркылуу түз эфирге чыгуу графигин сунуштайбыз:

  • 09:00 – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, министрдин орун басары, полковник Урматбек Муслимович Шамырканов ӨКМ ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорго жооп берет, (жооптуу адам: Токторов А. 0778-83-50-00);
  • 11:00 – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, министрдин орун басары Касейинов Кубат Үсөнкулович министрликтин жер жана суу ресурстарын башкаруу саясатына, мөңгүлөрдүн учурдагы абалы жана анын келечегине байланыштуу суроолорго жооп берет, (жооптуу адам: Исабаева А. 0990-30-11-31);
  • 15:00 - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов 2022-жылдын январь-июль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө, (жооптуу адам: Маматова М. 0550-90-01-30);
  • 15:00 - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров Калкты тейлөө борборлорунун иши, документтештирүү жана архив иши маселеси боюнча, (жооптуу адам: Кыдырмышева Э. 0 509 888 011);
  • 15:00 - Социалдык фонд (жооптуу адам: Абдылдаев А. 0550 28 96).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: