super.kg logo

Эӊ сонун жаӊылык! Кыргызстанда 5G О! түйүнүндѳ алгачкы сыноолор

 

2022-жылдын 3-августунда О!Мобилдик оператору 5G түйүнүнүн ылдамдыгынын алгачкы ченѳѳлѳрүн жүргүзүп, ылдамдыгы Кыргызстанда биринчи жолу 1.5 Гбит/с чейин жетти.

«Эгер сиз жаӊы смартфон караштырып жатсаӊыз, анда акыркы технология менен иштеген аппараттарга кѳӊүл бурганыӊыз туура болот деп ойлойм. Жакынкы мезгилдерде 5G түйүнүнүн коммерциялык колдонууга киргизилишин күтүүгѳ болот, бирок мунун массалык түрдѳ аткарылышы тууралуу айтууга азырынча эрте. Түйүнгѳ ѳтүү этаптар менен ишке ашат», – деп билдирди О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

5G технологиясын колдонуунун түрдүү сценарийлери туруктуулук менен жаратылышты үнѳмдѳѳнү камсыздоодо маанилүү роль ойной турганы шексиз. Жалпы жонунан алганда, мындай жаӊылык коомдогу позитивдүү ѳзгѳрүүлѳргѳ алып келет. Маселен, так дыйканчылык, телемедицина, билим берүү тармагы.

5G деген эмне

5G – бул мобилдик байланыштын эӊ жаӊы жана эӊ ылдам мууну. Ири ѳткѳрүү жѳндѳмдүүлүгүнѳ ээ болуу менен катар бир эле учурда кѳп кишилер менен түзүлүштѳрдү тейлей алат. Технология 4Gден дээрлик 10 эсе тез жана орточо 150–200 Мбит/с ылдамдыкта иштейт.

Кыргызстанда 5G технологиясы дүйнѳлүк стандарттын n77, n78 (3400-3800 МГц) жыштык диапазонунда сыноодон ѳткѳрүлүүдѳ. Булар белгилүү бир участокто жогорку ылдамдык менен Интернет түйүнүнѳ кирүү мүмкүндүгүн камсыздоочу ѳзүнчѳ радиостудиялар. Технология 5G түйүнү 4G түйүнү менен интеграцияланган абалда иштейт, жана колдонуучулар кийин биринен экинчисине которула алгандыктан, сервистин деӊгээли кыйла жогору болот.

Колдонуунун перспективалары

Интернеттин ѳнүгүүсү – VR/AR-технологиялар процессинин ѳзгѳрбѳс коштоочусу. Виртуалдуу чындык оюндар менен кѳӊүл ачуулар максатында гана колдонулбайт. Кѳп учурда VR/AR-технологиялардын ѳнѳр жай, медицина, билим берүү жана ѳндүрүш тармактарында колдонулуп жаткандыгын кѳрүүдѳбүз.

Кыргызстанда 5G-түйүндѳрдү биринчи эле кезекте мобилдик байланыш кызматтарын кѳрсѳтүү жана калктын интернет колдонуу мүмкүнчүлүктѳрүн кеӊейтүү, буюмдардын интернети, акылдуу шаар багытындагы долбоорлор үчүн пайдалануу пландалууда. Чынында 5G түйүнү компаниялардын санариптик трансформациясы үчүн негиз болуп, санарип экономиканы ѳнүктүрүү үчүн күчтүү түрткү бере алат.

О! түйүнүндѳ 5G жѳнүндѳ жаӊылыктар менен компаниянын Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларынан таанышып туруӊуздар. Сиздерди кызыктуу кѳп нерсе күтѳт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: