super.kg logo

Бүгүн колледждерге абитуриенттердин арыздарын кабыл алуу аяктайт

 

Бүгүн, 19-августта кесиптик орто окуу жайлардын III туруна абитуриенттердин арыздарын кабыл алуу аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматка ылайык, аймактардагы абитуриенттер орто кесиптик окуу жайларына тапшыруу сынагына университет жайгашкан жерге барбай туруп, интернет аркылуу катыша алат.

Абитуриент online” системасынын ачык маалыматтарына ылайык, быйылкы жылы окууга кабыл алуу планына ылайык гранттык негизде 4020 орун, келишимдик негизде 72 миң 238 орун каралган.

Ар бир турда абитуриенттер бюджеттик орунга жана келишимдик окууга бирден арыз бере алышат.

Белгилей кетсек, өлкөдө кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру 12-июлдан 18-июлга чейин болгон. 2-тур 27-июлдан 3-августка чейин болуп өттү. Ал эми 3-тур 12-августта башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: