super.kg logo

Таласта 8 ай мурда аялын өлтүрдү делген милициянын иши: Эми соттук отурумдарга күбөлөрдү мажбурлап алып келишет

 

Мындан дээрлик 8 ай мурда аялын өлтүрүүгө шектелип кармалган Талас ОИИБинин жол кайгуул кызматкеринин сот иштери аягына чыкпай, улам жылдырылууда. Бул тууралуу жабырлануучунун жакындарына таянып айрым жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалымат үчүн:

2021-жылдын 29-декабрында Таласта келиндин жансыз денеси табылган. Облустук ички иштер башкармалыгы келиндин денесинде көк ала тактар бар экендигин маалымдаган. Келиндин өлүмүнө шектүү катары анын күйөөсү кармалган жана ал милиция кызматкери экендиги белгилүү болгон.

Маалыматты тактоо үчүн Талас облустук сотунун маалымат кызматына байланышканыбызда, иш каралып жаткандыгын, кийинки соттук отурум 22-августка белгиленгенин билдиришти.

“Адам өлтүрүү” беренеси менен айыпталган Ж.А.К.нын кылмыш иши Талас шаардык сотуна 2022-жылдын 18-майында түшкөн, ага чейин тергөө органында болгон. 27-майда алдын ала угуу болуп, анда айыпталуучунун жактоочусу айыптоодон кээ бир далилдерди жокко чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Бирок судья тарабынан өтүнүч канааттандырылган эмес. Андан соң аталган соттук акты Талас облустук сотуна даттанылган жана биринчи инстанциядагы соттун токтому өзгөртүүсүз калтырылган.

Кылмыш иши Талас шаардык сотуна 14-июнда кайра кароого жөнөтүлүп, соттук териштирүү 29-июнда кароого дайындалган. Соттук отурумга айрым күбөлөр (35 күбө) келбегендигине байланыштуу отурумда бир нече тыныгуу жарыяланган. 16-августта айыпталуучунун жактоочусу А.Дүйшөналиев келбей жүргөн күбөлөрдү мажбурлап алып келүү өтүнүчү менен кайрылып, сот тарабынан канааттандырылган. Кийинки соттук отурум 22-августка белгиленген”, - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

Акыркы убакта өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктар байма-бай катталып келет. Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.






Таласта аялын сабап өлтүрдү. Окуянын видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: