super.kg logo

Үнсүз видеолору менен белгилүү болгон тиктокер жарандыгын алмаштырды

 

ТикТок социалдык тиркемесинде өзүнүн үнсүз видеолору менен атактуулукка жеткен тиктокер Хаби Ламе жарандыгын алмаштырды. Бул тууралуу француз гезити Le Figaro маалымдаган.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, социалдык тармакта дээрлик 150 миллион катталуучусу бар 22 жаштагы блогер Сенегалда (Батыш Африка) туулган, бирок 1 жашка чыкканда ата-энеси Италияга көчүп кетишкен. Блогердин айтымында, ал ар дайым өзүн италиялык сезип келген.

Италиянын Турин шаарынан анча алыс эмес Кивассо коммунасында Хаби Ламенин Италия жарандыгын расмий алышы менен куттуктаган иш-чара болуп өттү.

Маалымат үчүн: Хаби Ламе 2020-жылы коронавирус пандемиясында заводдогу ишин жоготкондон кийин ТикТокко видеолорду тартып баштаган. Анда ал ар кандай видеолорго үнсүз реакцияларын тартып киргизе баштаган. Бул видеолору менен ал аз убакыттын ичинде атактуулукка жеткен. Хаби Ламе ТикТоктогу эң белгилүү блогер кыз Чарли Д'Амелиону (142 миллион катталуучу) ашып өтүп, эң атактуу тиктокер аталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: