Бишкек шаарында уруксатсыз иштеп жаткан объектилер алынды




Бишкек шаарынын мэриясы борбор калааны уруксат берилбеген объектилерден тазалоодо. Бул туурлалуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, инспекция күн сайын объектилерди орнотуунун мыйзамдуулугун текшерип турат, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт жана ыктыярдуу демонтаждоо жөнүндө билдирүүлөрдү берет. Мындай иш-аракеттерден кийин Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир тосмолор өз ыктыяры менен демонтаждалды.
Скрябин көчөсүндөгү тротуардын астына түшкөн күркө дагы ээсинин ыктыяры менен алынган. Инспекторлор Манас/Чыңгыз Айтматов кең көчөсү (батыш тарабы) боюнча Чүй кең көчөсү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин 10 темир мамыны алып салышты. Ошондой эле 9 жарнама штендер алып салынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.