Орусияда жол кырсыгына себепкер болгон Кыргыз жараны боюнча элчилик билдирүү таратты
Буга чейин Орусиянын Кубань аймагында 38 жаштагы Кыргыз жараны Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаасы менен
жөө өтмөктөн адамдарды сүзүп кетип, 23 жана 15 жаштагы кыздар, төрт жашар бала жана жети айлык кыз жаракат алып, жети айлык кыз каза болгону жазылган. Бул маалымат боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратты.
"Учурда Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги бул окуя боюнча бардык тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Ошондой эле кырсыкка шектелген Кыргыз жаранына консулдук-укуктук кеңеш берилип жатат. Бул факты Кыргыз жана Орус элчилигинин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.