super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Октябрда көздүн катарактасына 550 операцияны бекер жасоого кытайлык дарыгерлер келет

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык тармактарга өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу маселесине тийиштүү билдирүүсүн айтты. Кытай тарап канааттануу менен белгилегендей, үч тараптын биргелешкен аракеттерине жараша темир жолду куруу долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу ийгиликтүү башталды, кыргыз жана өзбек тарап менен долбоорду мындан ары карай илгерилетүү үчүн кызматташууга даярдыгын билдирди. Акылбек Жапаров өз кезегинде Ли Кэцяндын билдирүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан үчүн темир жол магистралынын курулуш долбоорун ишке ашыруунун артыкчылыктуу маанисин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда элчи кытай тарап Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иш убактысын 2022-жылдын августунан 31-октябрына чейин 2 саатка узартуу чечимин кабыл алганын айтты.

Мындан тышкары кытай тарап эки өлкөнүн ортосундагы авиа каттамдардын санын көбөйтүүгө даяр экендигин билдирди (учурда эки жумада бир каттам бар). Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдарынын жыштыгын аптасына 3 жолкуга чейин көбөйтүү пландалууда.

Элчи ошондой эле ушул жылдын октябрь айында "Экспресс - ден соолук" долбоорунун алкагында Кыргызстандын муктаж жарандарына көздүн катарактасына 550 операцияны бекер жасоого даяр кытайлык алдынкы дарыгер-офтальмологдорунун Кыргызстанга келиши пландалып жаткандыгын билдирди.

Кыргыз тарап Кытайдын негизги соода-экономикалык өнөктөш катары өзгөчө маанисин белгилеп, кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча мындан ары жемиштүү иш алып барууга даяр экендигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: