super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте Борбор Азиядагы колоректалдык хирургия боюнча биринчи эл аралык конгресс өттү

 

Бүгүн, 19-августта Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Борбор Азиядагы колоректалдык хирургия боюнча биринчи эл аралык конгресс болуп өттү.

Бул жыйынга Өзбекстан, Казакстандан келген жана кыргызстандык хирургдар катышты. Анда Португалия, Иран, Катар, Орусия жана Түркиянын медицина тармагындагы профессорлор мастер-класс өтүшүп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Мындан сырткары экрандан ачык операциянын жүрүшү түз көрсөтүлдү.

КММАнын медициналык борборунун директорунун орун басары, хирург Бакыт Токтогазиев конгресс 20-21-август күндөрү Ысык-Көлдө уланарын белгиледи.

"Бул конгресс Борбор Азияда биринчи жолу өтүп жатат. Ага 7 өлкө, тагыраагы, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Улуу Британия, Катар, Иран жана Түркиянын профессорлору катышып, биздин хирургдарга өздөрүнүн докладдарын окушуп, медицина тармагындагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып беришти. Кыргызстандын эндоскопиялык хирургдарынын ассоциациясы менен Улуу Британиядан келген профессор Амжад Парваиз эки тараптуу кызматташуу боюнча документтерге кол койду. Муну менен кыргыз дарыгерлеринин Улуу Британияга, Катарга жана Португалияга барып тажрыйба топтоп, билим алуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлдү", - деди ал.

Ал эми Өзбекстандан келген дарыгер Охилжан Рахимов мындай конгресс тажрыйба алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк экендигин белгиледи.

"Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда тажрыйба алмашуу максатында конгресс болуп жатканы сүйүндүрөт. Биздин өлкөдө да конгресс, жолугушуулар болуп турат, Кыргызстандагы дарыгерлерди катышууга чакырам", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: