super.kg logo

Кытай бийлиги калктын санын көбөйтүү максатында аялдарга боюнан алдырууга чектөө киргизди

 

Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы аялдарга боюнан алдырууга чектөөлөрдү киргизгенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылды.

Маалыматка ылайык, Кытайда буга чейин калктын санын азайтуу максатында үй-бүлөдө балдардын санына чектөөлөр болгон болсо, эми балдардын санын көбөйтүү пландалууда. Кытайдын калкынын басымдуу бөлүгүн кары адамдар түзүп, жаштардын саны барган сайын азайып жатат. Мындан улам кытай бийлиги аялдарга боюнан алдырууга чектөөлөрдү киргизип, балдардын көп төрөлүшүн көздөөдө.

Эми кош бойлуу аялдарга ден соолугуна байланыштуу гана боюнан алдырууга уруксат берилет. Бийлик энелерди жана балдарды социалдык жактан камкордукка алууга мындан да жакшы көңүл буруларын, ошондой эле тукумсуздукту дарылоону да жеткиликтүү кылууну убадалашкан. Улуттук комиссия бул чечим калктын санынын өсүшүнө жакшы шарт түзөт деген.

Ал эми коомдук активисттер жана укук коргоочулар аялдарга боюнан алдырууга чектөө киргизүү бул аялдардын укугун чектеп, миллиондогон кыз-келиндерге залакасын тийгизерин айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: