"Жайлоого кеткен". Ысык-Көлдө 22 жаштагы кытайлык жаран изделүүдө
Ысык-Көлдө Кытай жараны Сай Тун изделет. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.Маалыматка ылайык, 22 жаштагы кытайлык Сай Тун Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти. Ал 24-июль күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ала-Көл жайлоосуна чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
"Маалыматты 18-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына атайын кат аркылуу билдиришкен.
Маалыматтык билдирүүдөн улам Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткарууу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, облустук ИИБнын кызматкерлери менен биргелекте издөө иштерине жөнөп кетишкен", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















