super.kg logo

Санарип мамлекеттик кызматтар кѳбѳйүүдѳ! Эми «Мой О!» тиркемесинен паспорт даярдоо үчүн онлайн тѳлѳѳгѳ болот

 

«Мой О!» мобилдик тиркемесинде электрондук мамлекеттик кызматтардын саны кѳбѳйүүдѳ.


Эми кыргызстандыктар Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылкы үлгүдѳгү паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылкы үлгүдѳгү жалпы жарандык паспортун даярдоо, ошондой эле жеткирип берүү үчүн онлайн жана комиссиясыз тѳлѳй алышат.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылды.

Паспорт даярдоо үчүн тѳлѳмдү комиссиясыз кантип аткарса болот?

1. КТБга барып, паспорт даярдоо үчүн керектүү документтерди тапшырыӊыз да, дүмүрчѳк алыӊыз;
2. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бѳлүмүн ачыӊыз;
3. «Мамлекеттик тѳлѳмдѳр жана айып пулдар», андан соӊ «КР паспорту үчүн тѳлѳм» вкладкаларын басыӊыз;
4. Дүмүрчѳктѳ кѳрсѳтүлгѳн тѳлѳѳ кодун жана суммасын киргизиӊиз;
5. Телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан тѳлѳӊүз.

Накталай эмес түрдѳ тѳлѳѳ мүмкүндүгү калктын мамлекеттик кызматтардан пайдалануусун кеӊейтип, убакытты үнѳмдѳѳгѳ шарт түзѳт. Себеби кассага барып, кезек күтүп отуруунун зарылдыгы жок – тиркемеден тѳлѳѳгѳ болгону бир нече секунд кетет.

«О!Деньги» капчыгы аркылуу башка мамлекеттик кызматтар үчүн дагы тѳлѳм жүргүзүү оӊой экенин эскерте кетмекчибиз:

• Юстиция министрлигинин сервистерин жана нотариустун кызматтарын тѳлѳѳ;
• ИИМ кызматтарын тѳлѳѳ (соттолбогондугу тууралуу маалымкат, апостиль басуу);
• ЖААК кызматтарын тѳлѳѳ (никелешүүнү жана никени бузууну каттоо, баланын тѳрѳлгѳнүн каттоо ж.б.);
• Камералардан жана колго жазылган айып пулдарды тѳлѳѳ;
• Салыктарды, патенттерди тѳлѳѳ;
• Бала бакчадагы тамактануу жана башка кѳптѳгѳн кызматтар үчүн тѳлѳѳ.

Google Play же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин орнотуӊуз.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан берилет. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: