super.kg logo

Шавкат Мирзийоев кичи ажылыкка барды (фото, видео)

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Сауд Арабиядагы эки күндүк иш сапарынын соңунда Меккеге зыярат кылып, умра ибадатын аткарды. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.

"Мамлекет башчыбыз ихрам кийимин кийип, намаз окуп, Аль-Харам мечитине кирди. Өлкөбүздүн президентине ар бир мусулман кыялданган ыйык Каабага кирүү сыймыгы берилди. Ал Аль-Харам ичинде намаз окуду. Андан соң Каабаны жети жолу таваф кылды жана Сафа менен Марва дөңсөөсүнүн ортосунда жети жолу сейилдөө жасады", - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстан делегациясынын мүчөлөрү жана уламалар менен биргеликте Өзбекстанга тынчтык жана гүлдөп өнүгүү, өлкө элине бакыт жана бакубатчылык тилеген дуба окулгандыгы белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: