Путин менен Токаев Сочиде жолугушту
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 19-августта Сочи шаарында жолукту. Бул тууралуу казак президентинин сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, лидерлер эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого басым жасашты.
Ошондой эле Токаев учурдагы геосаясий реалдуулуктардын контекстинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө маселелерине токтолду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.