Чет мамлекеттик жогорку аскер окуу жайларына өткөн курсанттар ант беришти
Бүгүн, 20-августта чет мамлекеттик жогорку аскер окуу жайларына өткөн курсанттар ант беришти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Коргоо министрилигинин өкүлдөрү, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.
“Бул жылы чет мамлекеттик жогорку аскердик окуу жайларга 40тан ашык кыргыз жарандары өттү. Алар Орусия, Азербайжан жана Казакстандын жогорку аскердик окуу жайларынан билим алышат”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, курсанттар буга чейин тереңдетилген медициналык текшерүүдөн, дене-тарбиялык даярдыгы боюнча нормативдерден, ошондой эле предметтик жана психологиялык тесттерден өтүшкөн
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















