super.kg logo

Ысык-Көлдө браконьерлердин торлорун тазалоо боюнча масштабдуу рейд башталды

 

Ысык-Көл облусунун аймагында көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо боюнча масштабдуу рейд башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн бардык акваториясында, жээктен 30-35 чакырым алыстыкта жана 25-30 метрге чейинки тереңдикте браконьерлердин торлорун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Балык уулоочу торлордун баасынын арзандыгынан жана жеткиликтүүлүгүнөн улам браконьерлер балыктарды кармагандан кийин да торлорун чыгарбай таштап кетишүүдө. Ташталган торлор келгин куштарга жана көлдүн башка жашоочуларына коркунуч жаратат. Анткени балык уулоочу торлорду таштап кеткенден кийин деле балыктар көпкө чейин торго түшө берет. Бул өзү суу жаныбарларына, канаттууларына жана балыктарына чоң зыян келтирет”, - деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынан тышкары, аймактын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башка кызматтарынын кызматкерлери да тартылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: