super.kg logo

Чолпон-Атада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жөө жүрүшү башталды

 

Ысык-Көлдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын "Бизсиз биз үчүн эч нерсе жок!" деген ураандын астында жөө жүрүшү башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-августта Чолпон-Ата шаарында майыптыгы бар жарандар үчүн жөө жүрүштүн ачылышы болуп өттү, ал Чолпон-Ата - Каракол каттамы (узундугу 135 чакырым) боюнча 24-августка чейин уланмакчы. Биринчи күнү катышуучулар 25 чакырым аралыкты басып өтүштү.

Жөө жүрүштүн максаты - майыптарга карата стереотиптерди жана стигманы азайтуу, ошондой эле Кыргызстандагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын илгерилетүү жана коргоо болуп саналат. Анын алкагында жергиликтүү калкка социалдык тейлөө кызматтарын сунушташкан мамлекеттик жана аймактык түзүмдөрдүн - акимчиликтердин жергиликтүү кызматкерлери менен жолугушуулар болот жана кызматкерлерге майыптуулукту түшүнүү боюнча тренингдер өткөрүлөт”, - дешет иш-чаранын уюштуруучулары.

Жөө жүрүш "Равенство" майыптыгы бар адамдар союзу тарабынан уюштурулууда. Ага катышкандардын саны 21 адам, алар өлкөнүн беш облусунан келген 11 эркек жана 10 аял. Мындай жөө жүрүштөр Кыргызстанда буга чейин да өткөрүлүп келген жана бул жетинчи жөө жүрүш болуп саналат.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 200 миңдей майыптыгы бар адам катталган. 2019-жылы Кыргызстан БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялап, анда майыптар үчүн бирдей жана жеткиликтүү шарттарды түзүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын толук кандуу жана тең укукта жашоосуна тоскоол болгон көптөгөн чечилбеген көйгөйлөр бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: