super.kg logo
  Саясат  

"Манас" эпосу ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын атынан катталды

 

"Манас" эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине Кыргызстандын атынан катталды. Мындай чечимди 4-декабрда Бакуда өтүп жаткан материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин VIII жыйынында 24 мамлекеттен турган комитеттин мүчөлөрү кабыл алышты.

Кыргызстандын делегациясын жетектеп келген Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков: "Бүгүн кыргыз элинин тарыхын, рухун ичине камтыган "Манас" эпосунун үчилтигин колдоп добуш бергениңиздерге ыраазычылык билдиребиз. Албетте, маданияты басмырлаган жерде өнүгүү болбойт, андыктан дүйнөнүн маданий мурастарын толуктап, бүткүл элди маданий биримдикке чакырууга кыргыз эли өбөлгө болоруна ишенем. Улуу эпостун 3 бөлүгү ЮНЕСКОнун тизмесине кирип жатканы биздин элдин дүйнө маданиятына кошкон чоң салымы деп эсептейм",- деп кыргыз элинин атынан Азербайжан элине жана материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: