Орусиядагы жол кырсыгы: Эки Кыргыз жараны жалпы палатага которулду
Орусиянын Ульяновск шаарында катталган ири жол кырсыгынан жабыркаган 3 Кыргыз жаранынын экөө жалпы палатага которулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан жабыркаган Кыргыз жарандарына медициналык жардам көрсөтүү Орусиянын Ульяновск облустук саламаттыкты сактоо министринин жеке көзөмөлүндө. Жабыркагандар бардык керектүү дары-дармектер менен камсыздалган. Ошол эле учурда абалы жакшырганына байланыштуу жабырлануучулардын экөө жалпы палатага которулду, ал эми бир адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Бул маселе элчиликтин жеке көзөмөлүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.