Бишкек-Жалал-Абад аба каттамы жумасына 9 жолу аткарыла баштады
Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек аба каттамы жумасына 9 жолу аткарыла баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.Ага ылайык, 19-августтан тарта Бишкек-Жалал-Абад- Бишкек багыты боюнча кошумча туруктуу каттамдар ачылды.
"Кошумча аба каттамдарды ата мекендик "Тез Жет" авиакомпаниясы жума жана жекшемби күндөрү аткара баштады" деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарына аба каттамдары жумасына жети жолу аткарылып келген. Мындан ары жумасына 9 жолу каттам жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















