Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын директору бош кызмат орунуна сынак жарыяланды
Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директору бош кызмат орунуна документтерди кабыл алууну жарыялады. Бул тууралуу Маданият, мааалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Интернаттын директорунун кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
- “Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими бар болушу зарыл;
- жетекчилик кызмат орундарында иш стажы 3 жылдан кем эмес же педагогикалык стажы 5 жылдан кем эмес.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- М.Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатын өнүктүрүү программасы;
- резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
- автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- кадрларды эсепке алуу баракчасы;
- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2022-жылдын 29-августуна чейин тапшырылууга тийиш.
Байланыш телефону: +996 312 662683.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:57
2025-08-12
19:14
2025-08-12
14:55
2025-08-12

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.