super.kg logo

Бийлик өкүлдөрү Ош жана Баткен облусунун тургундары менен жолугушат (график)

 
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков аймактарды кыдырып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларын улантат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, алар сентябрда Баткен, Ош облусу жана Ош шаарында жолугушууларды өткөрөт.
"Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары жана көзөмөлдөөчү орган менен ички иштер министрине өз көйгөйлүү маселелерин түз айтып, айрым учурларда суроолоруна жоопторду дароо алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө", - деп жазган ал.
Ошондой эле ал жолугушуулардын өтө турган так дареги боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: