super.kg logo

Журат Абдуллаевдин кармалышы: "Үмүт жана Ко" компаниясынын тең төрагасы кайрылуу жасады (видео)

 

“Үмүт жана Ко” жоопкерчилиги чектелген коомунун тең төрагасы Кайрат Абдуллаев кыргыз элине видео кайрылуу жарыялады.

Өз кайрылуусунда ишкер “Үмүт жана Ко” компаниясы штаттык режимде иштеп жатканын, бардык келишимдер өз убагында аткарылып жатканын, ошондой эле бийлик тарабынан эч кандай кысым болбогонун айтты.

"Биздин компания сүт азыктарын чыгарат. Биз азыркы учурда штаттык режимде иштеп жатабыз. Ал эми Журат Абдуллаевдин иши боюнча укук коргоо органдары иш алып барып жатат. Менин оюмча, иш оң жакка чечилет деп ойлойм", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте ок атуучу куралдарды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактаганга шектелип “Үмүт жана Ко” ишканасына тең ээлик кылган жаран кармалганы маалымдалган. Кийинчерээк ал эки айга камакка алынган.






"Үмүт жана Ко" компаниясынын тең төрагасынын кайрылуусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: